15.02.2019 13:16

Он сегиз миллиондук доо: Атамбаевдин сөздөрүнө лингвистикалык экспертиза жүргүзүү сунушталды

Он сегиз миллиондук доо: Атамбаевдин сөздөрүнө лингвистикалык экспертиза жүргүзүү сунушталды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту мурунку саясатчылар Акматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин «Апрель» телеканалы жана экс-президент  Алмазбек Атамбаевге карата берген доо арызын кароону 26-февралга саат 10:00гө жылдырды. Бул тууралуу April.kg кабарчысы Айнура Исмаилова билдирди.

Бүгүн Октябрь райондук сотунда аталган доо арыз боюнча 2-соттук отурум өтүп, ага доогер тараптан Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев, алардын өкүлү Динара Ашымова катышты. 

Жоопкер тараптан «Апрель» телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложников, жактоочу Ахмат Алагушев жана экс-президенттин өкүлү Кантемир Турдалиев, КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева катышты. 

Соттук отурумдун жүрүшүндө телеканалдын жана экс-президенттин жактоочулары Алмазбек Атамбаевдин маегинин текстине лингвистикалык экспертиза өткөрүүнү сунушташты. Юристтер экспертиза доо арыздын негиздүүлүгүн түшүнүү үчүн зарыл деп түшүндүрүштү. «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложников да бул сунушту колдоду. Жыйынтыгында, сот бул өтүнүчтү ачык калтырды. 

Доогер тараптын өкүлү Динара Ашымова саясатчылар кайсы сөздөрдөн улам доо арыз менен кайрылып жатышканын дагы бир сыйра эскертип, алардын кадыр-баркына доо келтиргени үчүн соттон 18 млн. сом өндүрүп берүүнү сурады.  «Алмазбек Атамбаев 2018-жылдын 10-декабрындагы интервьюсунда Бекназаров, Келдибеков жана Дүйшөбаев тууралуу таркаткан маалыматтарын расмий түрдө «Апрель» телеканалы аркылуу төгүндөп, кечирим сурасын. Ар бир саясатчынын пайдасына 3 млн. сомдон төлөп берсин. Ал эми, «Апрель» телеканалы чындыкка жатпаган маалыматты мыйзамсыз таркаткан деп табылып, ар бир саясатчынын пайдасына 3 миллион сомдон төлөп берсин. Соттун чыгымдары да жоопкер тарабынан төлөнсүн»,- деди өкүл.

Соттун жүрүшүндө саясатчылар «Апрель» телеканалы кечирим сурап, эл алдында такталбаган маалыматты таратканын жарыялап, Атамбаевге берген эфирдик убакытты аларга да берсе, доо арызды алууга даяр экендиктерин билдиришти.

Өз кезегинде, Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Кантемир Турдалиев Атамбаев айткан сөздөр буга чейин ЖМКларда айтылып эле келгенин далил келтирип, саясатчылар эмне үчүн убагында ошолор менен соттошуп албаганына кызыкты. Сөзүнө далил катары жактоочу экс-президенттин интервьюсуна чейин эле ЖМКларда Келдибековдун көп сандагы мүлкү, Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаев тууралуу жарыяланып келген материалдарды окуп берди.

«Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген адамдар ушундай мүлк топтой алат беле? Албетте, жок. Эгер алар жөнүндө буга чейин жарыяланып келген материалдар жалган болсо, анда эмнеге бул басылмаларды сотко беришкен эмес? Алар буга чейин өздөрүнүн мүлкү, финансылык абалы тууралуу жазып чыккан бир дагы ЖМКны сотко берип, өз чындыгын далилдешкен жок. Бул ЖМКларга каршы сотто баарын  утуп чыгып, өздөрүнүн мультимиллионер эмес экенин, болгон байлыгын маңдай тери менен тапканын далилдеп бергенден кийин гана, Алмазбек Атамбаевди сотко беришсе болмок», -деди К.Турдалиев.

Ал ошондой эле, Атамбаевдин саясатчылар тууралуу айтканы элге жаңылык эмес экенин, мурунку президент болгону массалык маалымдоо каражаттарында жарыяланган нерсени кайталап айтканын билдирди

«Атамбаев айткан сөздөн бул саясатчылардын кадыр-баркына эч кандай доо кеткен жок. Анткени, ал сөздөр мурда эле айтылып, элдер угуп эле жүргөн. Мындан улам, КР Жарандык-процессуалдык кодексинин 199-беренесин жетекчиликке алуу менен Атамбаевдин маегинде жогорудагы саясатчылардын кадыр-баркына эч кандай доо кеткен жок деп табылсын, «Апрель» телеканалына каршы жазылган доо арызы негизсиз деп табылып, канааттандыруусуз калтырылсын», -деди өкүл сотко кайрылып.

Тараптарга кошумча суроолорду карап чыгууга убакыт берүү максатында, отурум кийинкиге жылдырылды. Ошондой эле, кийинки отурумга Акматбек Келдибеков дагы катышаары айтылды.