Онкология борборунун балдар бөлүмүнөн 14 адамдан коронавирус аныкталды

Онкология борборунун балдар бөлүмүнөн 14 адамдан коронавирус аныкталды

Онкология борборунун балдар бөлүмүнөн 14 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, илдет бул ооруканада дарыланып жаткан сегиз баладан, үч энеден, бир дарыгерден жана эки медайымдан табылды.

"Инфекциянын булагы алдын-ала аныкталып, эпидемияга каршы чаралар жүргүзүлдү. Вирус жуктургандар үчүн обсерватор жана балдарды дарылоо үчүн бөлүм ачылды. Балдар атайын дарылоо курсунан өтүшөт. Ал эми, COVID-19 тастыкталган медкызматкерлер дарылануу үчүн стационарга жайгаштырылат”, - деди саламаттык сактоо министринин орун басары Үсөнбаев.

Балдар бөлүмү коронавируска байланыштуу карантинге жабылганы 20-майда белгилүү болгон. Борбордун директору Эрнис Тилеков небересин карап жаткан бир чоң эне ооруканадан 4-майда чыгып кеткенин, 16-майда андан жашаган жеринен коронавирус табылганын, ошого байланыштуу бөлүмдөгүлөрдүн баарынан, жалпысынан 120 адамдан анализ алынганын айткан болчу.

Анализдери таза чыккандар обсервацияга алынарын, ал эми вирус табылган бейтаптар дарылануусун ошол эле жерде улантары айтылган.