03.09.2019 17:26

Онкологиянын балдар бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды. Мында депутаттын тиешеси барбы?

Онкологиянын балдар бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды. Мында депутаттын тиешеси барбы?

Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жунушалиеваны кызматтан алуу тууралуу буйрук келди. Бул туурасында Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында «Помогать легко» коомдук фондунун директору Динара Аляева жазып чыкты.

Эске сала кетсек, 2014-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги балдары онкологиялык ооруга чалдыккан ата-энелердин кайрылуусунун негизинде аталган борбордун балдар бөлүмүндө кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында, балдар өлүмүнүн саны азайтылып көрсөтүлүп, бейтаптарды оор абалда үйлөрүнө чыгарып жиберүү фактылары орун алганы ачыкталган. Мындан улам бөлүм башчы Дамира Байзакова ээлеген кызматынан бошотулуп, бирок бөлүмдө ишин уланткан. Анын ордуна Гүлнара Жунушалиева келген.

ЖК депутаты Евгения Строкова жаңы жетекчинин кесипкөйлүгүнөн шек санаган комментарий берген. «Профессор, илимдин доктору Байзаковага Батукаев боюнча чындыкты айтып чыкканы үчүн гана көө жабышты. Ал эми Гүлнара Жунушалиева квалификациялык талаптарга жооп бербейт, ал педиатр дагы, онколог, гематолог дагы эмес, ал чоңдордун реаниматологу. Анын үстүнө калаадагы төрөт үйлөрүнүн биринен сынга кабылып, иштен чыгарылган», -деп билдирген депутат 24.kg агенттигине.

«Помогать легко» коомдук фондунун директору Динара Аляева Жунушалиеванын кызматтан алынышы Жогорку Кеңештин депутаты Строкованын колу менен жасалды деген ойдо.

«#урматтууэмесСтрокова Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине 2 жылдан бери күндө асылып, жыйынтыгында эч нерсе таап чыга албаган текшерүүлөрүн жиберип атып, аткаминерлерди анын талабын аткарууга мажбур кылды. Депутатка жагыныш үчүн министр чиеленишкен түйүндү мына ушундай ыкма менен чечти. Бул орунга эми чоңдордун онкологун коюп жатышат, бул кандай болуп кетти #урматтууэмесСтрокова 3 жылдан бери Жунушалиеваны балдар онкологу эмес, ошондуктан балдарды дарылай албайт деп жемелеп келбеди беле (маалымдама: Саламаттыкты сактоо министрлигинде «балдар онкологу» деген номенклатура болгон эмес). Балдар онкологдору жетишсиз болуп жаткан учурда, 5 жылдык тажрыйбасы бар дарыгерди иштен бошотуп жатышат. Ал жумушсуз калбашына ишенем, бирок балдар дарыгерсиз калат», -дейт Аляева.