30.09.2019 14:02

Оор турмушта жашап жаткан этникалык кыргыз аялга кайрылман макамы берилди

Оор турмушта жашап жаткан этникалык кыргыз аялга кайрылман макамы берилди

Тажикстандан 4 баласы менен көчүп келген этникалык кыргыз аялга кайрылман макамы берилди. Бул туурасында Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Кыргызстанга көчүп келип, оор турмушта жашап жаткан Сардалхон Кенчаева жөнүндө жазып чыгышкан.

«Мен 31 жаштамын, кыргызмын, бирок Тажикстанда төрөлүп-өскөм. Кыргызстанга дарылануу жана биротоло калуу үчүн келгем. Төрт балам бар: улуу кызым - 13 жашта, экинчи топтогу майып, калган балдарым 11, 7, 5 жашта. Улуу кызыма майыптыгы боюнча пенсия чегертиш үчүн комиссиядан өтүш керек экен. Эки балам мектепке барыш керек. Өзүмдүн кыргыз жарандыгым жок. Мунун баарын алыш акча турат экен. Бизде кээде дарыга эмес, нанга акча табылбай калат», -деп айтып берген Сардалхон Кенчаева кабарчыларга өз жашоосу жөнүндө .

Мамлекеттик миграция кызматы кечээ, 30-сентябрда ага кайрылман статусу берилгенин маалымдады.

«Эми мыйзамга ылайык, Кенчаева жумушка орношуп, балдарына жөлөк пул жана башка социалдык жеңилдиктерди ала алат», - деп айтылат маалыматта.