02.10.2018 11:03

Оор жүк ташуучу унаа өткөрүү үчүн ар дайым пара алып келген бажычы, чек арачылар кармалды

Оор жүк ташуучу унаа өткөрүү үчүн ар дайым пара алып келген бажычы, чек арачылар кармалды

Оор жүк ташуучу унааны Өзбекстандан өлкө аймагына тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн пара талап кылып келгендер кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 22-сентябрында Кыргызстандын Аскердик прокуратурасы тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча «Кызыл-Кыя-автожол» чек ара пунктунда кызмат өтөп жаткан Мамлекеттик чек ара кызматынын, Бажы кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишин ачууга аталган кызматкерлер Өзбекстандан оор жүк менен келчү унааны Кыргызстан аймагына тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн ар дайым пара талап кылаары туурасында жеке ишкер Ч.И.ден түшкөн арыз себеп болгон. 

«29-сентябрда Аскердик прокуратура менен криминалдык милиция кызматы тарабынан 1200 доллар өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен бажы кызматынын ага инспектору Э.Ж., 2000 сом пара менен чек ара кызматкери Д.Ж. жана 1000 сом пара менен фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкери Т.А. кармалды.Бардык кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда бул кылмыш ишинин толук жагдайлары иликтенип жатат», - деп айтылат маалыматта.