13.11.2019 13:18

«Талкан салып алгансып унчукпайт». Депутат өкмөт башчынын Саймаитинин иши боюнча үн катпаганын сындады (видео)

«Талкан салып алгансып унчукпайт».  Депутат өкмөт башчынын Саймаитинин иши боюнча үн катпаганын сындады (видео)

Бүгүн, 13-ноябрда парламент отурумунда депутаттар Стамбулда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити жана анын тегерегендеги окуялар боюнча өкмөттүн маалыматын угууну сунушташты. 

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов окуяга кыргыз дипломаттары аралашып, кармалган шектүүлөр кыргыз жарандары болгондуктан муну «өзгөчө кырдаал» деп атады. 

«Биз 1950-жылдардагы Сициялияга окшоп баратабыз. Кыска убакытта аба майданындагы автоунаадан ишкердин сөөгү табылды, «Мадина» базарында соода кылган ишкер өлтүрүлдү, «Кыргыз көмүр» стратегиялык мамлекеттик ишканасынын жетекчисин сабап кетишти. Бул кылмыштуулуктун мамлекетке болгон чакырыгы. Түркияда Кыргызстандын казынасына 5 млрд. сом салык төлөбөй издөөдө жүргөн Саймаити өлтүрүлдү. Аны өлтүргөн адамдар Кыргызстандын паспорту менен, Саймаити айдап жүргөн машине дипломатиялык номер менен чыгып жатат. Ошону да көрмөксөн болуп жүрө берелиби? Бул өзгөчө кырдаал да!», -деди депутат. 

Алмамбет Шыкмаматов ошондой эле өкмөт башчыны «талкан жутуп алгансып, үн катпайт» деп сындады.  

«Эмнеге бизге тиешеси жоктой түр көрсөтүп жатабыз? Же биз үчүн бул кадимки көрүнүшпү? Же  Батукаев да эртең Орусияда элчинин машинесинде жүрсө унчукпайбызбы?», -деди эл өкүлү. 

Сунушту көпчүлүк депутаттар колдоп, өкмөт бүгүн түштөн кийин учурдагы кырдаал боюнча маалымат бермей болду.

Эскерте кетсек, 10-ноябрда кечке жуук, Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен кытайлык ишкер Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен.  Саймаити алган жаракаттарынан улам, ооруканада каза тапкан

Көпчүлүктүн көңүлүн кылмыш болгон жерде жол боюнда токтотулган Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 номерлүү унаа бурган. Мындай номерлер консулдуктарга тиешелүү болору айтылып, Кыргызстандын ТИМи унаанын чоо-жайын териштирүүнү убадалаган. 

Айрым такталбаган маалыматтарда бул унаа Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковго таандык экени айтылган. Кийин ТИМ  бул маалыматты тастыктаган. Ошол эле күнү Эркин Сопоков президенттин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.  Кылмышка шектүү катары 2 кыргыз жараны кармалганын түрк ЖМКлары жазып чыккан.