08.08.2019 17:43

«Ордо» саясий партиясы: Солтон-Сары жана Кой-Таштагы маселелерди мыйзам талаасында чече албаган ѳкмѳт кетсин!

«Ордо» саясий партиясы: Солтон-Сары жана Кой-Таштагы маселелерди мыйзам талаасында чече албаган ѳкмѳт кетсин!

«Ордо» саясий партиясынын ѳлкѳдѳгү жаралган кырдаал боюнча кыргыз элине кайрылуу жасады. Анда өкмөттөн өлкөдөгү коомдук оор абалды күч колдонуу менен чечүүдөн баш тартууну өкмөттөн талап кылышты.

«Бүгүнкү коомдук кырдаалдын жаралышына 7-август күнү болгон окуя гана себеп болбостон, жалпысынан акыркы учурда коомдук пикирлерди жараткан ѳкмѳттүн коомдук маселелерди чече албагандыгы себеп болуп жатат. Өлкөбүздө оор абал жаралып турган учурда, тараптарга бѳлүнбѳй тынчтыкты сактап калуу баардыгыбыздын максатыбыз болушу керек.

Андан тышкары, ыйык Курман Айт күнүнүн алдында, Ысык-Көлдө өтүүчү Евразиялык ѳкмѳттѳр аралык кеңештин жыйынына чогула турган учурда элди дүрбѳлѳңгѳ салып, «атайын операция» ѳткѳрүүнүн кажети бар беле деген суроо жаралат.

Ушуга байланыштуу, «Ордо» саясий партиясы Ак-Сай, Солтон-Сары жана Кой-Таштагы маселерди мыйзам талаасында эрктүү чече албаган ѳкмѳттүн бийликтен кетишин талап кылабыз», -деп айтылат кайрылууда.