06.06.2019 11:14

Орок айылында чыккан жаңжалды уюштурууга шектелген адам кармалды

Орок айылында чыккан жаңжалды уюштурууга шектелген адам кармалды

Орок айылында чыккан жаңжалды уюштурууга айылдык кеңештин депутаты шектелүүдө. Бул туурасында укук коргоо органдарына таянып, жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Шектүү Кылыч Бокоев кармалып, учурда убактылуу кармоочу жайга  жайгаштырылды. 

Окуянын чоо-жайы:

5-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Орок айылында жайгашкан мечиттен айт-намазы окулуп, андан чыгып бара жаткан 3 өспүрүмдүн арасында уруш чыккан. Эки бала бир тарап болуп, бир баланы сабап коюшкан. Ал баш мээсинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Мушташкан балдардын туугандары эки жаат болуп көчөгө чыгышып, ортодо жаңжал жаралган. Кесепетинде 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн. Буга шектелип отуздан ашык киши Сокулук РИИБине жеткирилген.