27.03.2019 09:46

Орусиялык кабарчы Путиндин сапарынын алдында кыргыз тараптын түзгөн шартын сынга алды

Орусиялык  кабарчы Путиндин сапарынын алдында кыргыз тараптын түзгөн шартын сынга алды

«Комсомольская правда» гезитинин журналисти Дмитрий Смирнов кыргыз тараптын Орусия президенти Владимир Путиндин келишине карата журналисттерге түзгөн шартын сынга алды.

Журналист өзүнүн Телеграм каналына тараткан билдирүүсүнө караганда, мурдагы СССРге мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин резиденциясынын ичинен «Ала-Арча» резиденциясында журналисттер үчүн шарт дээрлик жокко эсе.

«Ал жакта баары начар: ылдамдыгы жай интернеттен баштап, журналисттерди тамактандыра турган жердин жоктугуна дейре», -деп жазат кабарчы.

Андан сырткары, жада калса журналисттер үчүн делген даараткана дагы коопсуздук үчүн жолу жабылып турган коңшу имаратта жайгашканын белгилеген.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен 28-мартта келет. Иш сапарынын алкагында кызматташуу, ЕАЭБдин алкагындагы интеграциялык процесстер жана эл аралык маселелер талкууланаары күтүлүүдө.