08.08.2018 16:32

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун насыялары кандай жумшалды?

Кыргызстан ЕАЭБке мүчө болгондон бери ишканаларыбызга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылганы менен, алар жаңы кыйынчылыктарга, атаандаштыкка да дуушар болду. Экономикабызды өзгөргөн шарттарга даярдаш үчүн үч жыл мурун Орус-Кыргыз өнүктүрүу фонду түзүлүп, ишканаларыбызга каржы жагынан көмөк көрсөтүү максаты коюлган эле. Учурда фонд бир жарым миңге жакын долбоорду каржылаганга жетишкен. Алардын дээрлик бардыгы чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү.