20.06.2018 17:38

Ош аэропортунун бажычылары мамлекетке 3 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен

Ош аэропортунун бажычылары мамлекетке 3 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен

Ош аэропортунун Бажы процесстери борборунун кызматтык адамдары мамлекетке 3 млн сомдон ашык зыян келтирген. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 2011-жылдын июнунда Ош эл аралык аэропортунда Лахор (Пакистан) - Ош каттамы менен келе жаткан АН-12 аба кемеси конуу жасаган. Бирок, аэропорттун Бажы процесстери борборунун кызматкерлери ушул кезге чейин бажылык көзөмөлгө койбой, аба кемеси үчүн бажы төлөмдөрүн алган эмес. 

Кызматтык адамдар «А» компаниясы менен кутумчулукка барып, учактын Кыргызстан бажы чек арасы аркылуу өткөнүн жашырып коюшкан. 

Мындан улам, Кыргыз транспорт прокуратурасы тарабынан  КР Кылмыш-жаза кодексинин  304 -беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 221-беренеси (коммерциялык жана башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануусу), 204-беренеси (контрабанда) менен кылмыш иши козголду. Териштирүү үчүн иш тергөө органына жиберилди.