04.12.2018 09:50

Ош базарында чыккан өрт канча аянтты күйгүзүп кеткени айтылды

Ош базарында чыккан өрт канча аянтты күйгүзүп кеткени айтылды

Ош базарында 4-декабрга караган түнү  өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Белгилүү болгондой, Бейшеналиева жана Сыдыков көчөсүнүн кесилишиндеги №251 соода точкасында  жайгашкан  кийим-кече сатылуучу контейнерлер  күйүп жатканы тууралуу маалымат Өрт өчүрүү кызматына саат 23:38дер чамасында келип түшкөн.

Тартылган күчтөрдүн арты менен саат 00:52де чектелип, 3:31де толук өчүрүлгөн. Күйүп кеткен аянт болжол менен 500 чарчы метрди түздү. Өрттүн себеби такталууда. Бактыга жараша курмандыктар жок.

Айрым маалыматтарга караганда, кечээ базарда санитардык күн болгондуктан, иштеген эмес. 

Эскерте кетсек, 2018-жылдын башынан бери бул Ош базарындагы 4-өрт.