05.03.2018 13:28

Ош базарындагы өрттөн жабыркагандардын саны такталды

«Ош базары» соода-рынок комплексинде орун алган өрттүн натыйжасындагы зыянды баалоо боюнча Комиссиянын кеңешмеси болуп өттү.  Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Буга чейин материалдык зыянды калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү тууралуу 150 адамдан арыз келип түшкөн, анын ичинен 15 адам “Берекет Плюс” базарынын ишкерлери, ал эми  135и –«Сейтек» базарынын соодагерлери.   

Белгилей кетсек, 2017-жылы “Сейтек” ЖЧК жетекчилиги Ленин райондук салык кызматына 96 соодагери бар экени тууралуу маалымат берген. Текшерүү маалында, 74 ишкердин гана патенти болгон. Мында реалдуу материалдык зыян тарткандыгын тастыктаган документтер тиркелген эмес.  Ошондой эле, Социалдык Фондго төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес (2017-жылы).

74 ишкердин 32синин 50 миңден 2,1 млн сомго чейинки суммада банкта насыялары бар.

Кеңешменин жүрүшүндө,  жабыркаган ишкердүүлүк субьектилеринин тизмесин 74 субъекти иретинде бекитүү чечими кабыл алынды.  Мамлекеттик салык кызматына  Экономика министрлиги менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө 6 айга патент үчүн төлөмдү узартуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасына өрттүн натыйжасында жабыркаган имараттарды калыбына келтирүү үчүн документтерди кароону тездетүүдө көмөк көрсөтүү тапшырылды.

 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана финансы-кредиттик уюмдарга (макулдашуу боюнча) Комиссия аркылуу бекитилген тизмеге киргизилген Кыргыз Республикасынын жабыркаган ишкер субьектилеринин кредиттик карыздарын реструктуризациялоо жүргүзүүсү жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Бишкек шаарынын мэриясына 2018-жылдын 1-майына дейре маалымдоосу сунушталды.