14.10.2019 14:01

Ош милициясы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнөн запкы көргөндөрдү издейт

Ош милициясы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнөн запкы көргөндөрдү издейт

Ош шаардык соту 12-октябрда «Казак» каймана аты менен белгилүү жарандын баш коргоо чарасын каралды. Бул туурасында шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 38 жаштагы М.У. аттуу айыпталуучу ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Ал 23 жаштагы жарандын денесине залал келтиргени үчүн кармалган. 

«Жогорудагы фактыны иликтөө учурунда Ош шаарынын дагы бир тургунунан арыз келип түштү. Арыздануучунун айтымында, анын 2003-жылы туулган кызын «Казак» күч колдонуп, уруп, Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонунда зордуктап койгон. Бул факты боюнча дагы кошумча териштирүү иштери башталды», -дешет мекемеден.

Мындан улам, Ош шаардык сот М.У. аттуу шектүүнү сотко чейинки өндүрүш учурунда абакта кармоо боюнча чечим чыгарды.

«Кимде-ким жогорудагы кылмышка шектүү У.М. (эски аты-жөнү Эрнис Казаков, каймана аты «казак») жабыр тарткан болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматына 03222-2-46-78 номери аркылуу кабарлап коюуну  суранабыз», - деп айтылат маалыматта.