06.07.2018 13:55

Ош облустук казыяты битир-садаканын эсебинен 85 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты

Ош облустук казыяты битир-садаканын эсебинен 85 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты

Ош шаарындагы З.Бабур атындагы өзбек академиялык драма театрында облус аймагындагы турмуш шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө садака-фитирдин эсебинен азык-түлүк жардамдар тапшырылды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош мамлекеттик университетинин профсоюз уюмунун жетекчиси Абдыжапар Аккулов, “Кайтпас-Эл” коомдук бирикмесинин төрагасы Турдали Келдибеков жана казыят кызматкерлери катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус казысы Самидин кары Атабаев  Рамазан айы ичинде колунда бар жарандардын жасаган кайрымдуулук иштерине ыраазычылык билдирди. Андан соң облус аймагынан чакырылган турмуш-шарты оор 85 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндөгү жардамдар тапшырылды.

Жалпысы ар бир жаранга 10 килограммдан ун, күрүч, кесме, чай, туз, кумшекер, май, самын, ширенке жана башка керектүү каражаттар тапшырылды. 

Эскерте кетсек, социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү аныктоо жана топтоо иштери «Кайтпас-Эл» коомдук бирикмеси тарабынан жүргүзүлгөн.