14.08.2018 12:25
Ош облусунда эртең менен жер титирөө катталды
Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 2018-жылдын 14-август күнү саат 07:01де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Сары-Таш айылында 3 баллга, Ак-Босого, Кара-Киндик айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: