21.01.2019 17:08

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. 

Улуттук илимдер академиясынын  Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 21-январь күнү саат 15:15те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

«Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке, Чымбай, Өзгөн, Кароол айылдарында - 3 баллга, Красный Маяк, Кара-Кочкор, Кеңеш, Кандава айылдарында – 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок», -деп айтылат маалыматта.