04.05.2020 09:00

Ош облусунда жер силкинди. Күчү 5 баллга жеткен

Ош облусунда жер силкинди. Күчү 5 баллга жеткен

Ош облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталганын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.  

Жер титирөө очогу кыргыз-тажик чек арасында 3-майда саат 20:42де катталган. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Шибээ айылдарында үч баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтарга караганда жабыр тартып, кыйроого учуроо болгон эмес.