12.09.2018 13:24

Ош шаардык мэриясынын жогорку кызматтагы адамдарына кылмыш иши козголду

Ош шаардык мэриясынын жогорку кызматтагы адамдарына кылмыш иши козголду

Ош шаардык мэриясынын кызматтык адамдары жеке ишкерди 3 айдын ижара акысын төлөөдөн бошотуу менен мамлекетке ири өлчөмдө зыян алып келишти. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаардык мэриясынын жогорку кызматтагы адамдары менен муниципалдык менчикти ижарага бөлүштүрүү комиссиясы биргеликте жеке ишкер менен имаратты 10 жылдык мөөнөткө ижарага берүү тууралуу келишим түзүшкөн. Ишкер ай сайын 150 миң сом өлчөмүндө ижара акысын төлөөгө милдеттендирилген менен, биринчи 3 айдыкын төлөөдөн бошотулган. Мында Ош шаардык кеңештин токтому бузулуп жатканына көңүл бөлүнгөн эмес. 

Мэриянын кызматтык адамдарынын мындай мыйзамсыз иш-аракеттеринин кесепетинде, мамлекетке 1 млн. 650 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Бул факт боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүүдө.