21.06.2018 10:44

Ош шаарына 23 тоннадан ашуун күрүчтү аткезчилик жол менен алып келаткан жаран кармалды

Ош шаарына 23 тоннадан ашуун күрүчтү  аткезчилик жол менен алып келаткан жаран кармалды

Ош шаарында 23 тонна 400 килограмм күрүчтү өлкөгө мыйзамсыз киргүзүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Ош шаарындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери жана Бажылык тартип бузуулар менен күрөшүү бөлүмү тарабынан 2018-жылдын 6-июнунда Ош шаарына кире бериште чиркегичи бар, «DAF-XF95/480» үлгүсүндөгү чет элдик мамлекеттик белгиси менен жүк ташуучу унаа кармалган.

Унааны текшерүү учурунда чиркегичтен 1-2-сорттогу 23 тонна 400 кг күрүч табылган. Азыктын тиешелүү документтери жок болгон. Эксперттик-баалоочу кампаниянын бүтүмүнө караганда, кармалган товардын жалпы базар наркы 1 млн 251 миң сомду түзгөн.

Бул факт боюнча 204-берене (контрабанда) менен кылмыш иши козголду.  Тергөө иштери жүрүүдө.