09.10.2018 11:05

Ош шаарында барак тибиндеги үй өрттөндү

Ош шаарында барак тибиндеги үй өрттөндү

Ош шаарында барак тибиндеги үй өрттөндү. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. 

2018-жылдын 9-октябрь күнү 05:40 чамасында өрт өчүрүүчүлөргө Ош шаарындагы Алымбеков көчөсү №5 дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 05:40та Ош шаардык №12 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн (АӨКБ) 1 бөлүм, кошумча саат 05:50дө Ош шаардык №12 АӨКБдан 1 бөлүм жана Ош шаардык №13 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 06:00дө Ош шаардык №85 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 4 бөлүм тартылган.

Өрт саат 06:17де чектөөгө алынып, өрт саат 08:05те толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.