27.03.2020 13:16

Ош шаарында дарыгерлер үчүн транспорт каралды

Ош шаарында дарыгерлер үчүн транспорт каралды

Ош шаарындагы дарыгерлерди 28 кичи автобус ташып жатат. Бул тууралуу вице-мэр Асылбек Топчубаев билдирди.

Алар шаардагы 8 оорукана жана 12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан медиктерин күнү-түнү тейлөөдө.

“Медицина кызматкерлерин үйүнөн жумашка, жумуштан үйүнө жеткирип туруу боюнча шаар мэри тапшырма берип, күйүүчү май мэрия тарабынан берилүүдө. Ал эми айдоочулар өз демилгелери менен кызмат акысын албай, акысыз иштеп жатат”, - деди вице-мэр Асылбек Топчубаев.