26.12.2018 10:39

Ош шаарында эки бала түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилди

Ош шаарында эки бала түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилди

Ош шаарында эки бала түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 26-декабрь күнү таңкы саат 05:26да Раззаков көчөсүнүн №20 үйүнүн №15 батиринен өрт чыгып, бөлмөдөгү үй-тиричилик буюмдары күйгөн. Чыккан өрт 6:47де өчүрүлгөн. 

Өрттүн кесепетинен 7 жаштагы кыз менен 5 жаштагы бала түтүнгө ууланышып, Ош облустук ооруканасына тез жардам кызматы аркылуу  жеткирилген.

Учурда абалдары жакшы экени айтылат. Өрттүн чыгуу себеби такталууда.