14.11.2018 10:08

Ош шаарында кыз-жигит жол кырсыгына кабылып, экөө тең каза тапты

Ош шаарында кыз-жигит жол кырсыгына кабылып, экөө тең каза тапты

Ош шаарында кыз-жигит жол кырсыгына кабылып, экөө тең каза тапты. Бул туурасында облустук ЖКККБдан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, жол кырсыгы 12-ноябрда таңкы саат 05:00 чамасында Абдыкадыров көчөсүндөгү мечиттин жанында орун алган. 20 жаштагы Ала-Бука районунун тургуну «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын рулун башкара албай калып, жол кырсыгына кабылган. Унаанын ичинде анын 18 жаштагы сүйлөшкөн кызы болгон.

Башкаруудан чыккан унаа алгач жол боюнда турган "Тазалык" ишканасынын унаасын артынан сүзгөн. Андан өтүп эки даракты сүзүп токтогон.  Оор жаракат алган кыз ооруканага жетпей каза болгон. Айдоочу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок эсине келбей үзүлүп кете берген. 

Учурда чогултулган материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди, бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.