04.04.2019 11:33

Ош шаарында операциядан кийин каралбай калган жаран каза тапкан. Дарыгерге иш козголду

Ош шаарында операциядан кийин каралбай калган жаран каза тапкан. Дарыгерге иш козголду

Ош шаарынын прокуратурасы Ош шаардык ооруканасында көз жумган жарандын өлүмү боюнча териштирүү жүргүздү. Бул туурасында өлкөнүн Башкы прокуратурасынан билдиришти.

Такталган маалымат боюнча, 2018-жылдын 29-ноябрында 64 жаштагы М.А. аттуу жаран Ош шаардык ооруканасына, дарыгер, профессор М.Жга жалкы безинин аденомасын айыктыруу үчүн кеңеш алууга кайрылган. Дарыгер М.Ж. операция кылууну сунуштаган. Бейтап операциянын алдында врач дайындаган анализдин баарын тапшырып, анын жыйынтыктары канааттандыраарлык болгон, тактап айтканда операция жасоого негиздүү себеп деле болгон эмес.

Бирок, 30-ноябрда врач аденоманы алып таштоо боюнча операция өткөргөн. Андан кийин бейтаптын абалы начарлап баштап, бирок дарыгер көңүл бурбай койгон. Тактап айтканда, профессионалдуу медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Операциядан бир жума өтүп, 7-декабрда бейтап Ош шаарынын ооруканасында каза болуп калган.  

Белгилей кетүүчү жагдай, врач операциянын алдында бейтаптын жубайынан 17 миң сом алган, бейтаптын абалы начарлап кеткенде 10 миңин кайра кайтарып берген.  

Жыйынтыгында, Ош шаарынын прокуратурасы бул факт боюнча 152-берене (кесиптик милдеттерин так аткарбоо) жана 238-берене (мыйзамыз сый акы алуу) иш козгоду.