06.11.2019 09:00

Ош шаарында сатуучуну бычактап кеткен жаран кармалды

Ош шаарында сатуучуну бычактап кеткен жаран кармалды

Ош шаарында зоологиялык дүкөндүн сатуучусун бычактап кеткен жаран кармалды, ал ошол дүкөндүн ээси болуп чыкты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

1-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында 35 жаштагы М.Р. аттуу жаран миздүү буюмдан жараат алып Ош шаардык ооруканасына түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене «Адам өлтүрүү» менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Мекеменин маалыматына караганда, ыкчам--тергөө тобу бул окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп, шектүү катары М.Х. аттуу жаранды кармашты. Тергөөнүн жүрүшүндө, окуя 1-ноябрь күнү Курманжан Датка көчөсүндө болгону такталды. Анда зоологиялык дүкөндү ижарага алып иштеткен жаран менен дүкөндүн ээсинин ортосунда уруш чыккан. Мындан улам дүкөндүн ээси М.Х. жанында алып жүргөн ашкана бычагы менен маркумду көкүрөк тушка сайган. Ал алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.

Учурда шектүүнүн баш коргоо чарасы тандалып, ал 2 айга камакка алынды. Тергөө иштери жүрүүдө.