20.06.2018 10:42

Ош шаарында тамтуң баскан бөбөк каналдагы сууга агып, каза тапты

Ош шаарында тамтуң баскан бөбөк каналдагы сууга агып, каза тапты

Ош шаарынын «Достук» кичирайонунда 2017-жылы туулган И.Б.У. агып жаткан каналдагы сууга түшүп кетип каза тапты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

2018-жылдын 19-июнь күнү саат 19:19да  ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматына №47-көчөнүн 46-үйдүн жанындагы агып жаткан каналга кичине бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келген.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар суудан баланы издөө иш-чараларын өткөрүп, жыйынтыгында анын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.