11.07.2019 10:46

Ош шаарында укалоочу салондун атын жамынып иштеп келген сойкукана аныкталды

Ош шаарында укалоочу салондун атын жамынып иштеп келген сойкукана аныкталды

Ош шаарында сойкулук менен алектенүү үчүн уюшулган көмүскө жай аныкталды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Ички иштер органдарына жергиликтүү тургундар бул жайдын үстүнөн арыз менен кайрылышкан. Арызда Ош шаарында элиталык үйлөрдүн биринде укалоочу салон катары ачылган мекеме чынында акыга интим кызматын көрсөтүүчү жай экени айтылган. Жарандар күмөн жараткан мекемени текшерүүнү суранышкан. 

Милиция аталган салонду бир нече жолу текшерип, топтолгон материалдарды бирдиктүү реестрге  каттаган.  Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган.

Ушул жылдын июнь айынын аягында тергөөнүн тапшырмасы менен КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү менен биргеликте жогоруда көрсөтүлгөн дарекке ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Аталган салондо бир нече кыз иштей турганы аныкталып, алар кардарларга укалоонун, анын ичинде эротикалык укалоонун бир нече түрүн сунуштап келишкен. Бирок, мекемеде бир дагы укалоо столу болгон эмес. Эротикалык укалоо кызматтарын көрсөтүү учурунда бир нече жумушчулар кармалышкан.

Кармалган төрт аял тергөө органдарына жеткирилип, алардын көбү башка аймактардан келгендиги маалым болгон. Кармалган жарандардын бири көмүскө жайды уюштурууга шектелүүдө. Жогорудагы факты боюнча сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат.