14.12.2018 11:06

Ош шаарындагы таштанды полигонунан жаңы төрөлгөн ымыркайдын денеси табылды

Ош шаарындагы таштанды полигонунан жаңы төрөлгөн ымыркайдын денеси табылды

Ош шаарындагы таштанды полигонунан жаңы төрөлгөн ымыркайдын денеси табылды. Бул туурасында бүгүн, 14-декабрда Ош шаардык ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 13-декабрь күнү болжол менен 14.40 чамаларында Ош шаарынын таштанды таштоочу полигонунан жаңы тѳрѳлгѳн ымыркайдын ѳлүгү табылды. Аны, ошол жерди аралап, эски темир, аллюминий буюмдарын чогултуп жүргѳн лѳлүү тектүү аялдар таап, полигондун кѳзѳмѳлчүсүнѳ айтышкан.

Кѳзѳмѳлчү милицияга кабар берген. Ымыркай картон коробкага салынып, үстү аял адамга таандык ич кийимдер менен жабылган.

Ымыркай табылган жерге ыкчам тергѳѳ тобу барып, тиешелүү кароо иштери жүргүзүлдү. Ымыркайдын курагын, анын ѳлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды. Бул кылмышка тиешелүү болгон жарандарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.