09.10.2019 09:14

Ош-Анжиян жаңы каттамынын ачылышы. Кыргыз-өзбек чек арасында жүргүнчүлөр көбөйдү

Ош-Анжиян жаңы каттамынын ачылышы. Кыргыз-өзбек чек арасында жүргүнчүлөр көбөйдү

Ош-Анжиян жаңы автобус каттамы ачылганына байланыштуу кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» көзөмөл өткөрүү жайынан өткөн жүргүнчүлөр менен жүктүн көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, көзөмөл өткөрүү жайынан 18 миңге чейин кишилер өтүп жатат. Ал эми дем алыш күндөрү өткөн адамдардын саны 24 миңге чейин жетүүдө.

Жүктөрдүн жана жүргүнчүлөрдүн көлөмү көбөйгөнүнө байланыштуу чек арада паспорт текшерген 22 кабина иштеп баштады: 11 кабина өлкөдөн чыгып бараткандарды, 11 кабина кирип келаткандарды тейлейт. Алардын алтоосу Ош-Анжиян жана Анжиян-Ош каттамындагы автобуста бараткандарды тейлейт.