11.01.2019 17:52

Ошто 2 жаштагы наристе ур-токмоктон каза тапты: Шектүү катары жеңеси кармалды

Ошто 2 жаштагы наристе ур-токмоктон каза тапты: Шектүү катары жеңеси кармалды

Ошто 2 жаштагы наристе ур-токмоктон каза тапты. Бул туурасында Ош шаардык ИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 10-январда болжол менен саат 15.00 чамасында Ош облустук балдар ооруканасына «денеси карышып жатат» делип, 2 жаштагы наристе жеткирилген.

Врачтар баланы кароо учурунда анын ооруканага чейин эле каза болуп калгандыгын аныкташкан. Жана бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кабарлашкан. Ош ШИИБ жабырлануучунун ѳлүмүнүн жана жаратынын оордугун аныктоо максатында соттук медициналык экспертиза дайындалган.

Наристенин жансыз денесин кароо учурунда анын бети-башында, колдорунда жана сандарында көгөргөн жарааттары, сол колунун билегинде ачык жараты бар экендиги аныкталган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кечээ күнү бул кылмышка шектүү катары маркум наристенин атасынын бир тууган агасынын аялы, 30 жаштагы К.Б. кармалып, Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ наристенин шымына сийип алгандыгы үчүн анча-мынча чымчып, анча-мынча буттарына уруп жүргѳндүгүн билдирди. Анын айткандарын күйѳѳсү дагы тастыктап, аялы тарбялоо үчүн кээде кол кѳтѳрүп коюп жаткандыгын айткан.

Учурда, бул факты боюнча окуяны толук жана объективдүү текшерүү, иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмыш кодексинин 138-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пункту(Этиятсыздыктан киши ѳлтүрүүгѳ алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Маалымат катары айтса кетсек, наристенин атасы менен апасы ажырашып кетип, бала атасынын колунда калган. Атасы Россияга иштегени кетип, балдарын ѳткѳн жылдын 30-декабрында Базар-Коргондон келип, агасынын үйүнѳ карап туруу үчүн тапшырып кеткен.