15.05.2018 16:01

Ошто 24 жаштагы жигит 8-кабаттан кулап кетип, каза тапты

Ошто 24 жаштагы жигит  8-кабаттан кулап кетип, каза тапты

Ошто жаңы курулуп жаткан 9 кабат үйдөн 24 жаштагы жигит учуп кетти. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Кырсык кечээ, 14-майда болгон. 

Маалыматта, жаш жигит "Голден Констракшн" ЖЧКсына  таандык объектиде куруучу болуп иштеп жатканы айтылат. ( кабат үйдүн 8-кабатынан кулаган жигит ооруканага жетпей жолдо каза тапкан.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.