23.10.2018 17:33

Ошто 8 жаштагы кызды өз атасы зордуктап жүргөн

Ошто 8 жаштагы кызды өз атасы зордуктап жүргөн

Ош облусунун Ноокат районунда 8 жаштагы кызга өз атасы сексуалдык зордук көрсөткөн. Бул тууралуу «Ак жүрөк» кризистик борборунун башчысы Дарика Асилбекова социалдык тармактагы баракчасында билдирди. 

Анын айтымында, учурда кыз апасы жана дагы 2 бир тууганы менен кризистик борборго алынып келинип, облустук милицияга бул факт тууралуу кабар берилди.