23.05.2018 15:47

Ошто адам уурдоого шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Ошто адам уурдоого шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Ошто талап-тоноочулукка жана адам уурдоого шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

21-майда Ош шаарынын ИИБнын нөөмөт бөлүмүнө жаран арыз менен кайрылып, аны 20-май күнү саат 21:30дар чамасында базардан эки бейтааныш жигит  күчтөп «Лексус ЛС-460» үлгүсүндөгү унаага отургузганын жана белгисиз багыт менен алып кетишкенин айткан.

Алар жабырлануучуну бир нече саат сабап, кетирбей кармашкан. Анан көчөгө ыргытып салышып, жабырлануучунун унаасына түшүп, из жашырышкан.

Жабырланган адам канчалык деңгээлде оор жаракат алганын тактоо үчүн соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

Ыкчам -иликтөө иш чараларынын натыйжасында, Аймак аралык криминалдык милиция башкармалыгы тарабынан Кара-Суу районунун 33 жаштагы тургуну, Ош шаарынын 33 жаштагы тургуну кармалды. Алар ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо турушат.

Кармалгандар Ош шаардык ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган факт боюнча, 167-берене ("Тоноо") жана 123 -берене ("Адам уурдоо") боюнча кылмыш иши козголду.