05.04.2020 09:05

Ошто милиция кызматкерлери коронавируска шектелип обсервацияга алынды

Ошто милиция кызматкерлери коронавируска шектелип обсервацияга алынды

Ош облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери жана аскер кызматкерлери үч күндүк карантинге алынды. Бул туурасында Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов брифингде билдирди. Жашоочулардан милициянын үч кызматкери карантинге алынганы, алар “ажы тойго” барышканы жөнүндө маалыматка байланыштуу суроо түшкөн.

Нурдинов кызматкерлерди карантинге жайгаштыруу боюнча орун даярдалганын айтты.

 «Умрадан келген жарандарды обсервацияга жаткыргандан кийин, кызматкерлер посттордо кызмат өтөшкөн. Иш-аракеттердин алгоритмине ылайык, кызматкерлер кызматка кайтып келгенге чейин, алар текшерүүдөн өтүшү керек. Кеп алардын анализи тастыкталдыбы же тастыкталган жокпу дегенде эмес», - дейт Нурдинов. 

Кызматкерлердин биринин жубайы Ноокат районунда “ажы тойдо” болгон. Алар обсервацияга алынган. Дагы бир кызматкер илдетке шектелүүдө. Калгандары талапка ылайык карантинге жаткырылды. Обсервацияда жаткан 50-60 адамдын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерди дароо эле үйүнө жиберип же кызматка кайтара албайбыз. Ошондуктан алар текшерүүдөн өтүшөт дейт комендант.