01.02.2019 14:19

Ошто аял өз кызына болушуп, башка бирөөнүн кызына кол көтөрдү. Милиция окуяны териштирүүдө

Ошто аял өз кызына болушуп, башка бирөөнүн кызына кол көтөрдү. Милиция окуяны териштирүүдө

Ош шаарындагы соода борборлордун биринде аял башка бирөөнүн кыздарына кол көтөрдү. Окуянын тасмасы социалдык тармактарда кечээ пайда болду. 

Анда балдар аянтчасында ойноп жаткан 2 кыз өз ара чатакташа кеткени көрүнөт. Кийинки тасмада уруша кеткен кыздардын биринин апасы эки кыздын жанына келип, аларды урушуп, анан чаап жиберет.

Ош ШИИББден билдиришкендей, учурда жабырланган кыздардын апалары милицияга арыз жазышты. Кыздар катуу деле жаракат алган эмес.  

Кол көтөрүү фактысы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.