29.09.2019 10:34

Ошто «Азаттыктын» операторуна кол салып, 1,5 млн. сомдук жабдууларын тартып алышты

Ошто «Азаттыктын» операторуна кол салып, 1,5 млн. сомдук жабдууларын тартып алышты

Ош шаарында белгисиз адамдар «Азаттыктын» операторуна кол салып, анын видео камерасын толук комплектиси менен тартып алышты. Бул туурасында «Азаттык» билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 28-сентябрь күнү Оштогу Ленин көчөсүндө болгон. Дрондун жардамы менен шаарды бийиктиктен тартып жаткан оператор Айбек Кулчумановго  спорттук дене түзүлүштөгү жигит басып келип, артына муштап, колундагы дрондун пультун жана телефонун жулуп алып, дронду түшүрүп берүүнү талап кылган. Оператор бул үчүн пульт керек экенин айткан. Бирок тартып алган адам пультту кайтарган эмес. Ошол маалда дрон башкаруусуз калган.

Кийин дагы 3 киши кошулуп, алар Кулчумановдон Райым Матраимовдун үйүн тартууга ким уруксат бергенин сурап, опузалап башташкан. Алар оператордун унаасынан штатив менен видеокамераны, оператордун кызматтык күбөлүктөрүн, унаасынын  ачкычын тартып алып, белгисиз тарапка кетип калышкан. 

«Кабарчыбыз Ыдырыс Исаков жабдыктарды Матраимовдорго байланыштуу адамдар алып кетиши ыктымал деп болжолдогон. Ал Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимовго чалганда, жабдыктарды милиция аркылуу кайтарып беришерин айткан. Журналисттин арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы «Адамдар тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери Айбек Кулчумановдун ден соолугун текшерип жатышат. Каракталган жабдыктардын жалпы суммасы 1 млн 580 миң сом», -деп жазды Азаттык.