01.02.2019 18:13

Ошто эки кичинекей кызын ижарага алган батирине таштап коюп, дайынсыз кеткен келин табылды

Ошто эки кичинекей кызын ижарага алган батирине таштап коюп, дайынсыз кеткен келин табылды

Ошто эки кичинекей кызын ижарага алган батирине таштап коюп, дайынсыз кеткен келин табылды. Өз жоругун ал акча табуу айласында Кара-Суу шаарына кеткени менен түшүндүрдү, деп билдирет Ош шаардык ИИББ басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 12 күн дайынсыз жоголгон келин бүгүн, 1-февралда өзү келген. «Өзүн кыздардын энеси катары тааныштырган 31 жаштагы келин бүгүн Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгына келди. Ал Кара-Сууда ашпозчу болуп иштеп жүрүптүр. Учурда аны менен тиешелүү мекемелердин кызматкерлери иш алып барууда»,- деп билдиришти милициядан.

Айта кетсек, Ош шаарында жүргүзүлгөн рейд учурунда милиция кызматкерлери батирлердин биринен кароосуз калган эки кичинекей кызды табышкан. Батирин ижарага берген аял кыздардын апасы 10 күн мурун жумушка кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирген. Бул убакыт аралыгында ал балдарга тамак-ашын берип, көз салып турган. 

Кыздардын улуусу 4 жашта, кичүүсү болжол менен 1-1,5 жаштын тегерегинде.