12.10.2018 09:00

Ошто өз кызын тушап койгон кишиге карата кылмыш иши козголду

Ошто өз кызын тушап койгон кишиге карата кылмыш иши козголду

Ошто 9 жаштагы кызын чынжыр менен тушап, байлап койгон атага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, шаардык милицияга ушул жылдын 5-октябрь күнү Ош шаарынын эс алуучу бактарынын биринде, бир бутунда чынжыр байланып жүргѳн кыз тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалыматты тактоого барган ыкчам-тергѳѳ тобу 2009-жылы туулган кыздын бир бутунда кулпу менен бекитилген чынжырдын бар экенин кѳрүшүп, окуяны тактоо үчүн кызды тергѳѳ бөлүмүнө алып келишкен.

«Кыз атасы аны тентектик кылып сыртка чыккандыгы үчүн чынжыр менен тушап койгондугун билдирген. Ал эми атасы кызынын өзгөчө шоктугу жана көчөгө көп чыга бергени үчүн биринчи эле ирет коркутуп коюу максатында бул кадамга барганын айткан. Кыз бир бутундагы чынжыр болт менен бекитилгендиктен аны оңой эле чыгарып алган, экинчи бутундагы чынжыр кулпулангандыктан, аны чече албай, ошол боюнча чыгып кеткен», - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете электерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) менен кылмыш иши козголду.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.