Ошто күйөөсүн коркутам деген аял 5 айлык наристесин мейманкананын алдына таштаган
Ошто бир аял 5 айлык наристесин мейманкананын кире беришине таштап кеткен. Ал мындай кадамга чогуу жашаган кишисин коркутуу үчүн барган. Бул тууралуу шаардык милицияга таянып, 24.kg агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, ташталган ымыркай тууралуу маалымат 15-октябрда түнкү саат 11лер чамасында келип түшкөн.
«Наристе ушул жылдын майында төрөлгөнү аныкталды. Анын апасы- Өзгөн районунун 33 жаштагы тургуну, ал эми атасы 25те. Аял эркек баланы жарандык никеден төрөгөндүгүн билдирди. Ал эми анын жарандык никедеги жолдошу баладан баш тарткан. Аны коркутуп коюу үчүн аял баласын мейманкананын кире беришине таштап койгон. Өзү 30-40 метр аралыктан байкоо салып турган. Качан гана тез жардам унаасы келгенде ал чуркап барып, наристе аныкы экенин айткан», -деп билдиришти ШИИББдан.
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: