11.03.2020 14:05

Ошто көмүр кенин чалгындаган бир украиналык жаран каза болуп, экинчиси оор жаракат алды

Ошто көмүр кенин чалгындаган бир украиналык жаран каза болуп, экинчиси оор жаракат алды

Ош облусунун Өзгөн районундагы көмүр кени чыгуучу жайдан 41 жаштагы Украина жараны каза болуп, дагы бир чет элдик жаран жаракат алды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, Өзгөн районундагы Беш-Терек жайлоосундагы көмүр кенин казуучу жайда Украиналык эки жаран көмүр кенин чалгындап жаткан.

Кырсык 10-март  күнү жүз берген.  

«Алгач алар шахтанын устунун уратууну көздөшкөн, тилекке каршы шахтанын алдында калып, 1979-жылы туулган М.Е. аттуу жаран көз жумган, ал эми 1976-жылы туулган Б.И. аттуу жаран бутун сындырып жаракат алган», — дейт ИИБдин пресс-катчысы Жеңиш Ашырбаев.

Каза болгон 41 жаштагы адамдын сөөгү Ош шаарына жөнөтүлдү. Ал эми бутунан жараат алган 44 жаштагы экинчи чет өлкөлүк азыр Өзгөн райондук ооруканасында жатат. Райондук милиция окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын сентябрь айында ЖЧК «Сай-Аска» тарабынан геологиялык чалгындоого Украинадан 21 адис чакырылган.