27.11.2018 09:52

Ошто окуучулар мушташты. Отуз бир өспүрүм милиция бөлүмүнө, бирөө ооруканага жеткирилди

Ошто окуучулар мушташты. Отуз бир өспүрүм милиция бөлүмүнө, бирөө ооруканага жеткирилди

Кара-Суу районунда 21-ноябрдан 22-ноябрга караган түнү массалык мушташка катышкан 31 окуучу кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматына таянып, Turmush агенттиги жазып чыкты. 

Маалыматта караганда, 21-ноябрь күнү саат 23:30 чамасында милицияга өспүрүмдөр мушташып жатканы тууралуу билдирүү түшкөн.  Жерине барган РИИБдин ыкчам тергөө тобу мушташка катышкан 15-16 жаштардагы 31 баланы кармашкан.

Алардын бири, Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын 15 жаштагы тургуну  Н уулу Н. денесинин ар жерине миздүү нерсе менен жаракат алып (өмүрүнө коркунуч келтирбеген жараттар), Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Ага соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда жабырлануучунун абалы жакшы.

Мушташка катышкан балдар Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагы менен Сарай айыл аймагынын мектебинин биринде окуган 10-11-класстын окуучулары экендиги аныкталды. Окуучулардын ата-энелерине эскертүү берилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.