26.09.2018 18:40

Ошто Пакистандык студентти эсин оодара чаап, 7 миң долларын алып кетишкен

Ошто Пакистандык  студентти эсин оодара чаап, 7 миң долларын алып кетишкен

Ошто Пакистандан келип билим алып жаткан студентти эсин оодара чаап, тоноп кетишти. Учурда милиция бул факт боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Turmush агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 25-сентябрь күнү саат 10:15 чамасында болгон.  26 жаштагы чет өлкөлүк студентти бейтааныш адамдар Жим көчөсү менен И.Раззаков көчөсүнүн кесилишинде алгач башка чаап, эсин жоготкондо тоноп кетишкен.

Жабырлануучунун көрсөтмөсүнө ылайык, анын жанында студенттерден чогултулган 7 миң доллар акчасы болгон. Ош ШИИБдин басма сөз катчысынын айтымына караганда, учурда жабырлануучунун жазган арызы боюнча тиешелүү оперативдүү иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошол эле убакта анын көрсөтмөсү да текшерилүүдө.