21.09.2018 09:00

Ошто түрмөдөн качкан куралчан адам милицияга карматпай кетти

Ошто түрмөдөн качкан куралчан адам милицияга карматпай кетти

Ош облусунун Кара-Суу районунда Казакстандын түрмөсүнөн качып чыккан адам милиция кызматкерлерин автомат менен коркутуп, жүгөрү талаасына кирип кетти. Бул тууралуу аймактын ИИБинен билдиришти. 

Окуя кечээ, 20-сентябрда болгон. Маалыматка караганда, Жылдызбек Бекмурзаевди Бишкек ШИИБи издеп жаткан, ал эми июль айында Казакстанда колго түшкөн. 

«Бекмурзаев Казакстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн жарым жылга кесилген. Бирок, 2017-жылдын 21-декабрында ал абактан качып чыккан. Милицияга аны «Кара-Суудагы кафелердин биринен көрдүк» деген маалымат түшүп, тартип сакчылар жерине барганда, ал каршылык көрсөтүп, автомат менен атам деп коркутуп, жүгөрү өскөн талаага кире качкан. Качкында автомат жана октор бар», -деп билдиришти милициядан.  

Милиция кызматкерлери жүгөрү талаасын курчап, качкынды колго түшүрүү аракетин көрүштү.