07.09.2018 14:01

Ошто уулу менен терезеден секирген аялдын дагы эки баласы бар экени аныкталды

Ошто уулу менен терезеден секирген аялдын дагы эки баласы бар экени аныкталды

Ош шаарындагы «Черемушки» кичирайонунда 7 айлык баласын колуна кармап, 4-кабаттан боюн таштаган аял кызуу болгон. Азыр ал Ош облусттук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Аялдын абалы орточо оордукта деп бааланууда. Анын баш сөөгү жабыркап, жамбаш сөөгү сынган. Баланын абалы туруктуу оор. Анын мээси чайкалып, Ош облустук балдар ооруканасында.  «Дарыгерлердин айтымында, аял боюн таштаган кезде мас абалында болгон. Анын башка да балдары бар», -деп билдиришти министрликтен. 

Ош ШИИБинин маалыматына караганда, окуя боюнча соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалып, жагдай боюнча ар тараптуу текшерүү иш-чаралары жүрүүдө. Алгачкы териштирүүнүн жыйынтыгында, жабырлануучу ѳмүрлүк жолдошу менен Чүй облусунда жашап жатып, аны менен таарынышып, эки баласын кайненесине таштап, кичүү баласын алып, август айынын ортосунан тартып Ошто жашаган бир тууган эжесинин үйүндѳ жашап жатканы аныкталды. Айрым күбѳлѳр аял акыркы мезгилдерде күйѳѳсү менен пикир келишпестиктерден улам, спирт ичимдиктерин кѳп ичип баштаганын  айтышкан. Окуя болгон күнү да ичимдик колдонгон. Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан окуя «ѳзүн-ѳзү ѳлтүрүүгѳ аракет жасоо» беренеси менен катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.