27.03.2020 11:04

Оштун коменданты кайрылуу жасады

Оштун коменданты кайрылуу жасады

Ош, Ноокат, Кара-Суу аймагы боюнча комендант М.Нурдиновдун кайрылуу жасады. Анын кайрылуусун келтиребиз.


Урматтуу Кара-Суу, Ноокат, Ош шаарынын тургундары!

Мен сиздерден комендант катары суранаарым, убактылуу түзүлүп жаткан кырдаалга олуттуу мамиледе карап, үйдөн чыкпай, жакындарга конокко барууну токтотуп турсак.

Бул аткарылып жаткан иштер, элдин саламаттыгы үчүн жасалып жаткандыгын түшүнсөк.

Өзгөчө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген жарандар өткөрмө бар деп каалагандай басып жүрүүнү токтотушубуз керек.

Биз комендант катары мамлекеттик, муниципалдык жана күч органдарынын жумушка каттагандарын чектөөнү, 10 адам иштесе 4 адамга кыскартууну сунуштап жатабыз.