28.08.2018 19:31

Озерное айылында жол кырсыгына кабылган унааны ким башкарып келатканы белгилүү болду

Озерное айылында жол кырсыгына кабылган унааны ким башкарып келатканы белгилүү болду

Аламүдүн районунун Озерное айылынын аймагында жол кырсыгына кабылган автоунаа патрулдук унаа эмес. Ал эми, анын ичиндеги жол тескөөчүсү унаада жүргүнчү катарында келаткан. Бул туурасында April.kg порталына Чүй облусу боюнча ЖКККБнын маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсык кечээ 27-августта саат 21:30дар чамасында катталган. Жерине Аламүдүн РИИБинен ыкчам топ барып, окуянын чоо-жайын териштирген. 2 адамды сүзүп алган унаа ичинде айдоочу жана бир жүргүнчү болгон.

Жабырлануучулар жеңил жаракат менен ооруканага кайрылып, дарыгерлерден жардам алгандан кийин үйлөрүнө жиберилген.

«Ал эми, унаадагы эки адам РИИБге жеткирилип, ал жактан рулда бараткан адам жөнөкөй жаран экени, ал эми жанындагы жүргүнчү жол тескөөчүсү болуп иштей турганы белгилүү болгон. Бирок, биздин облустук башкармалыктын кызматкери эмес, Бишкектики болушу мүмкүн», -деп билдирет Чүй облусу боюнча ЖКККБнын маалымат кызматы. 

Эскерте кетсек, бүгүн социалдык тармактарда Озерное айылында эки адамды сүзгөн унаадан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерине таандык форма, протоколдор жана айып пулдарды ордунда төлөтүү үчүн POS-терминал табылганы тартылган тасма тараган. Мындан улам, жол тескөөчү жол кыймылынын эрежесин бузду деген сөздөр чыгып кеткен. 

Учурда бул иш боюнча тергөө  жүрүүдө.