05.06.2018 10:04
Оңдоо иштеринен улам Эркиндик бульварынын чыгыш тарабы 5-августка чейин жабылат
Оңдоо, жаңылоо иштерине байланыштуу Эркиндик бульварынын чыгыш тарабы жабылат. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Калаа мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, 5-июндан тартып аталган бульвардын чыгыш бөлүгү жабык болот.
Чүй проспектисинен Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнө чейин асфальт төшөмү жаңыланып, жаңы бордюрлар коюлат.
Оңдоо иштери 5-августка чейин жүрөөрү айтылат.
--
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: