Оңолбеков Алмаз Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Оңолбеков Алмаз Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Оңолбеков Алмаз Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Оңолбеков Алмаз Мадылбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Борбордук аппараттын жамаатына ведомствонун жаңы башчысын тааныштыруу менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Алмаз Оңолбеков бажы тармагында зор тажрыйбага ээ экенин белгиледи.

“Ал катардагы инспектордон кызматтын жетекчисине чейинки жолду басып өттү. Ал бул тармакта жалпысынан 24 жыл иштеди. Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчилигинин алдында бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн көбөйтүүнү камсыздоо жана бажы тармагын жөнгө салуу абалын жакшыртуу – маанилүү милдеттерии турат. Алмаз Оңолбеков коюлган милдеттерди аткара аларына ишенем”, - деди вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.

Эскерте кетсек, буга чейин Бажы кызматын Кубанычбек Кулматов жетектеп келген. Бүгүн ал берген арызынын негизинде кызматынан бошотулганы айтылат.