Кадр Саясаты: Мурунку тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Германияга элчи болуп дайындалды

Кадр Саясаты: Мурунку тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Германияга элчи болуп дайындалды

Эрлан Абылдаев Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жактырды.

Эрлан Абылдаев 1966-жылы туулган. Жогорку билимдүү, 1989-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун бүтүргөн. Кыргыз, орус, кытай, англис тилдерин билет. 2012-2018-жылдары тышкы иштер министри болуп иштеген.